Марттын аягында жүргөн үшүк Баткен облусуна 2,5 миллиард сомдон ашуун чыгым алып келди



30-31-мартта аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнүн кесепетинен жабыр тарткан айыл чарба тармагы боюнча Баткен облусуна келтирилген чыгым 2 миллиард 679 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен району боюнча 4617 гектар өрүк багы үшүккө кабылган. Ал өз учурунда 6344 тонна кургатылган өрүк бермек, алардын килограммын 150 сомдон эсептегенде 951 миллион 600 миң сом киреше болмок.
Муну менен катар Кадамжай району боюнча 4431 гектар айыл чарба аянты жабыркаган, анын ичинен: картошка 492 гектар, болжолдуу түшүм 7,872 миң тонна х 25 сом=196,8 миллион сом. Мөмөлүү дарак 3939 гектар, болжолдуу түшүм 23,634 миң тонна (кургатылбаган мөмө) х 50=1181,7 миллион сом. Лейлек району боюнча 1134 гектар, натыйжада өрүк 6804 тонна (кургатылбаган мөмө) х 50=340,2 миллион сом. Облус боюнча бардыгы 9182 гектар жер суукка учураган. Кылкандуу дан эгиндерине келтирилген зыян азыркы учурда эсептелүүдө.


