Бишкекте кытайлык жарандын белгисиз адамдар тарабынан каракталышы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө
Бишкекте Кытайдын жаранынын белгисиз адамдар тарабынан каракталышы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, карактоо фактысына 3 адам шектелүүдө. Алардын экөө кафенин ичине бет капчан кирип ок чыгарып, Кытайдын жаранына тиешелүү сумканы алып чыгып кетишкен. Андан соң унаа менен из жашырып кетишкен.
Кытай жаранынын айтымында, сумкада 3 миң доллар болгон.
Буга чейин Токтогул жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Суши Паста” деген кафеде кытайлык жарандын белгисиз адамдар тарабынан каракталганын жазган элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.