super.kg logo
  Спорт  

Жаш кыргыз хоккейчилери Казакстандын Ачык биринчилигинде 1-орунду багынтышты

 

2003-жылы туулган жаш кыргыз хоккейчилеринен турган “Илбирс” командасы Казакстандын Ачык биринчилигинде 1-орунду багынтты. 2014-жылдын ноябрь айында башталып, 3 турдан турган мелдештин жыйынтыктоочу туру 31-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта болуп өттү. Бул тууралуу ата-энелер комитетинен кабарлашты.  

Алардын айтымында, мелдеште командалар деңгээлдерине жараша “А” жана “В” тайпаларына бөлүнүп, чемпиондук күрөш жүргүзүштү. “Илбирс” командасы “В” тайпасына бөлүнгөн. Акыркы турга чейинки көрсөткүчтө кыргыз хоккейчилери тайпада 2-орунду ээлеп турушкан. Мелдештин акыркы турунда чемпиондукту 6 команда өз ара талашты. “Илбирстин” оюнчулары бул жолу алгач “СДЮШОР №18” командасын буллитте 4:3 эсебинде, “Армада” командасын 6:3 эсебинде утту. Андан соң “Арлана” командасы менен оюн болуп, анда уткан команда чемпиондукка мүмкүнчүлүгүн арттырмак. Курч мүнөздөгү оюнда 2:2 эсеби катталып, акыркы 30 секунд убакыт калганда Султан Исманов кыргыз спортчуларына жеңиш алып келген шайбаны киргизди. Жыйынтыгында “Илбирс” командасы чемпион аталып, кийинки жылы “А” тайпасында чемпиондукту талашуу укугуна ээ болду. Бул тайпада командалардын тажрыйбалары мол экенин кошумчалашты ата-энелер комитетинен.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(9)
07.04.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар!!! Кыргызстандын желегин желбиретип ар-дайым биринчиликти багындырып журо бергиле.
Келечек силердин колунарда!!!
07.04.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аа ошондо, экинчи дивизионун утуп алыптырда, азаматтар келечек бар буйруса.
07.04.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар, мына ушуну жагымдуу кабар десе болот, кыргыз келечектерине чон рахмат!
08.04.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга! Кыргыз!
08.04.2015. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наконец то сонун жанылык!!!Азаматтар,тишинерди курчута бергиле кийинки оюнга!!!
08.04.2015. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйунуп калдым
08.04.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына шу жанылык жанылыктардын алды болуптур)))))элестетип ийдим уже сборный кыргызстан-сборный канада менен финалдык беттеште ойноп атканын
08.04.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охо фудболдон утулсак да Хоккейден утабыз го чиркин!
09.04.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар! Дагыда албан-албан ийгиликтеп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: