super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө биринчилигинде "Дордой" клубу "Ала-Тоону" утуп, 3 упайга ээ болду

 
"Дордойдун" жарым коргоочусу Ислам Шамшиев (№11) атаандаштардын кезектеги чабуулун токтотуп жатат.
Өлкө биринчилиги - ТОП-Лиганын алгачкы оюну...
Оюнду Рысбек Шекербеков (ортодо) баштаган калыстардын бригадасы тейледи.
"Дордойдун" оюнчулары
"Дордойдун" оюнчулары
"Ала-Тоонун" футболчулары
Солдон оңго: "Дордойдун" коргоочусу Азамат Байматов, чабуулчулар Алмаз Мирзалиев жана Калимулла КРнын Гимнин аткарып жатышат.
Оюн алдында гимн обого жаңырды.
Оюн алдында гимн обого жаңырды.
"Дордой" футболдук клубунун башкы курамы
"Ала-Тоо" футболдук клубунун башкы курамы
Оюндун жүрүшүнөн...
Оюндун жүрүшүнөн...
"Дордойдун" коргоочусу Марат Ажыниязов топту оюнга киргизүүдө.
ТОП-Лиганын 2015-жылкы сезонундагы алгачкы голду Курсанбек Шератов киргизди.
Голдун автору Курсанбек Шератов
Борбордук клубдун жарым коргоочусу Элхан Темирбаев кезектеги чабуул аракетин көрүп жатат.
Борбордук клубдун жарым коргоочусу Элхан Темирбаев кезектеги чабуул аракетин көрүп жатат.
Борбордук клубдун жарым коргоочусу Элхан Темирбаев кезектеги чабуул аракетин көрүп жатат.
Сезондогу алгачкы оюн курч мүнөздө өттү.
Сезондогу алгачкы оюн курч мүнөздө өттү.

Бүгүн, 7-апрелде футбол боюнча өлкө биринчилиги – ТОП-Лиганын жаңы сезону башталды. Анда бишкектик “Дордой” өз үйүндө нарындык “Ала-Тоо” клубун кабыл алды.

Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону “Дордой” оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн тарта демилгени колго алуу аракетин көрүп жатты. Ал эми атаандаштары каршы чабуул уюштуруу менен алдыга жылып жатышты. Оюндун 8-мүнөтүндө айып соккусун тепкен Курсанбек Шератов оюн эсебин ачты. Топ жогорку ылдамдыкта учпаса да, өз аянтчасында көп оюнчунун арасынан өзүнүн мүнөзүн көрсөтө албаган дарбазачы топту өткөрүп жиберүүгө мажбур болду. Оюндун калган бөлүгүндө да кооптуу кырдаалдар жаралып, оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Ала-Тоонун" оюнчулары эсепти теңегенге арты-артынан ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратышканы менен, көрүүчүлөр башка гол көрө алышкан жок. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишенесинерби мен бул оюнду 1-0 менен бутоорун сезген элем. Себеби экөө тең бир эле командада атаандаштык болмок эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: