super.kg logo
  Саясат  

Токтогул Туманов, депутат: "Бизде сот системин өнүктүрүүнүн стратегиясы бар"

 

Бүгүн, 7-апрелде парламент депутаты Токтогул Туманов сот системин реформалоо долбоору боюнча Стефан Кареклас баштаган Евробиримдиктин кызматкерлери менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, Туманов сот реформасына тийиштүү мыйзам долбоорлору тууралуу маалымат берди. 

"Мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуулар өткөрүлмөкчү. Президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңеш да мыйзам долбоорлорун карап жатат. Биз алардын тыянагын күтүп жатабыз, андан кийин мыйзам долбоорлорунун топтому комитетте каралып, Жогорку Кеңештин отурумуна талкууга коюлат. Бизде сот системин өнүктүрүүнүн стратегиясы бар. Балким, анын айрым жоболорун кайрадан иштеп чыгабыз",- деди депутат.

Кареклас долбоордо эл аралык жана жергиликтүү эксперттер иштеп жатканын маалымдап, сот системин реформалоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: