super.kg logo

Мамлекеттик башкаруу академиясы менен германиялык фонд кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Ханнс Зайдель фондунун төрайымы Урсула Маннле 2017-жылга чейинки кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Башкаруу академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ректор меморандумга кол коюунун мааниси өлкөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кыргыз өлкөсү менен Германиянын ортосундагы маданий байланышты бекемдөө экенин белгилеп кетти.   

"Мамлекеттик башкаруу академиясы - Кыргыз Республикасындагы биздин башкы өнөктөшүбүз. Биздин кызматташтык көп убакытка чейин жана эффективдүү болоруна ишенебиз. Бул гана эмес, узак мөөнөттүк магистрдик программалар менен КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кыска мөөнөттө квалификациясын жогорулатуу курстары болуп табылат",- деди У.Маннле.

Кол коюунун жыйынтыгында магистрдик программа боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бюджеттик санга орун көбөйтүү, окуу куралдарын кыргыз жана орус тилдеринде чыгаруу боюнча жардамды көбөйтүү, окуу процесси үчүн жабдыктарды сатып алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу сапарлары, Бавария бүтүрүүчүлөрү менен биргелешкен программаларды бул окуу жай жана Ханнс Зайдель фондунун бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда өз алдынча башкаруу органдарын кеңейтүү иштери аткарылат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: