Ош. Студенттер Ден соолук күнүндө сабакка спорттук кийимчен келип, сабак алдында көнүгүү жасашты






7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүндө Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда дене тарбия бөлүмү тарабынан уюштурулган бир сааттык көнүгүү жасоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бардык окутуучулар жана студенттер спорттук форма менен келишип, көнүгүүлөрдү жасашты. Агайлар жана студент балдар гиря, штанга көтөрүү, турникке тартылуу өңдүү көнүгүүлөрдү жасашты. Ал эми эжейлер жана студент кыздар алкак (обруч) ойноп, ритмикалык көнүгүүлөрдү музыканын коштоосунда аткарышты. Мындай иш-чара салтка айланып, бир топ жылдан бери 7-апрелде уюштурулат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
maks94.kb

08.04.2015. 10:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оу жакшы саамалык экен
altynka95

16.04.2015. 12:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо не еле ОГПИ жактан музыка чыгат десе
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.