Былтыр 3,5 миңден ашуун субъектке азык-түлүктү нормага ылайык чыгарбагандыгы үчүн айып пул салынган



Былтыр 3,5 миңден ашуун субъектке азык-түлүктү нормага ылайык чыгарбагандыгы үчүн айып пул салынган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйын учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Людмила Давыдова билдирди. Анын айтымында, былтыр 300дөн ашуун ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлгөн.
“100гө чукул учур катталып, 110 миң тонна нормага ылайык сакталбаган эт, сүт, туз азыктары аныкталып, жок кылынган. 3 миңден ашуун адам азык-түлүк менен иштөөгө уруксаты жок болгондугу үчүн жумуштан четтетилген. Ошондой эле 2000 тамак-аш чыгаруучу объекттин иши токтоп турат. Тилекке каршы, биз текшерүүнү бир жылда бир гана жолу өткөрүүгө укуктуубуз”,- деди Давыдова.




1 |