Эшек этине байланышкан чуу өлкөдө туризмден келчү пайданы солгундатып коюшу мүмкүн



Эшек этине байланышкан ызы-чуу кыргыз жергесиндеги туризм тармагына өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде маалымат жыйынында “Жибек жол” туризм ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров билдирди. Анын айтымында, кыргыз жергесинин туризм тармагынын 70 пайызын Ысык-Көл облусу түзөт. Казакстандык өнөктөштөр “казак жарандары Ысык-Көлгө жолдомону мурункудай көп албай калышты” деп жазып жатышат.
“Өзүңүздөр билесиздер, туризм тармагында атаандашуу өтө курч турат. Казакстанда өздөрүнүн ар кандай курорттору бар, алар, албетте, биздин Ысык-Көлгө жетпейт. Бирок түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып калуулары мүмкүн. Эшектин эти менен болгон ызы-чуу кыргыз өлкөсүндөгү быйылкы жылдын туризмдеги кирешесин солгундатып коюшу дагы толук ыктымал. Бул маселени кандайдыр бир жол менен чечиш керек. Анан кээ бир массалык маалымат каражаттары эшек этине байланыштуу тема боюнча болбогон нерселерди жазып уу-дуу кылышууда. Алардан суранат элем, факты боюнча гана жазышсын, бул нерсе өзүбүздүн эл үчүн эле зыянын тийгизет”,- деди Комиссаров.



А чочконун эти эшектен кандай айырмасы бар?
Канча чочколор союлуп желип жатат,ошол эле орустарын чочконун этин жешет.
А арактыкычы алардын маселеси неге мынчалык которулбойт.?!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.