Европа парламентинин делегациясы иш сапары менен кыргыз жерине келди
Бүгүн, 8-апрелде Европа парламентинин делегациясы Европа биримдиги-Кыргыз Республикасы парламенттик кызматташтык комитетинин 10-отурумуна катышканы кыргыз жерине келди.
Делегациянын башчысы - Европарламенттин Борбор Азия мамлекеттери жана Монголия менен кызматташуу делегациясынын төрайымы Ивета Григуле.
"Европа биримдиги-Кыргыз Республикасы парламенттик
кызматташтык комитетинин отурумунда вице-спикер Асия Сасыкбаева баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы катышат. Европарламент делегациясы иш сапар алкагында президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку
Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен
жолугушат",- деп билдирди парламенттин маалымат кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

