super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Кулматов "Аламүдүн" базарынын жанындагы унаа токтотуучу жайлар унаа ээлеринен мыйзамсыз акча алып жатышканын билдирди

 
Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңеште унаа токтотуучу жайларга байланыштуу мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат. Жыйында депутаттар "Аламүдүн" базарынын жанындагы автоунаа токтотуучу жайлар унаа ээлеринен акча алып жаткандыгына нааразы болушту. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов аталган базардын жанындагы унаа токтотуучу жайлардын акча алуусу мыйзамсыз экенин билдирди.
Анын айтымында, аталган аймакта мэрия рейд уюштурганда, акча чогулткандар тарап кетишет. "Биз күнүгө рейд жүргүзө албайбыз. Каралып жаткан мыйзам кабыл алынса, базардын жанына унаа токтотуучу жай курулуп, тартип орнотулат",- деди мэр Кулматов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: