Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат
Ошто аскер билети жок 18 жаштан 27 жашка чейинки эркек жарандарга авиабилет сатылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын Эрнист Сайидбеков аттуу тургуну SUPER.KG порталына билдирди.
“Мен 25 жаштамын. Орусияга кетүү үчүн авиакассаларга барсам, “аскер билетиң жок болсо, билет сатылбайт” деп коюшту. Себебин сурасам, өкмөт башчы ушундай буйрук чыгарганын айтышты”,- дейт Сайидбеков.
Бул боюнча Коргоо министрлигине кайрылганыбызда ушундай чектөө бар экенин ырасташты. 2015-жылдын 25-мартында "2015-жылдын апрель-июнь айларында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн токтому чыкканын билдиришти. Токтомдо “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамынын 46-беренесинин 7-пунктуна ылайык, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылууга тийиштүү жарандардын аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү маселе чечилмейинче өлкө аймагынан чыгуу укугу убактылуу чектелери жазылган.
Токтом 1-апрелден баштап күчүнө киргени айтылды.



Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
«УУЛУБУЗДУ 1 НАСЫБАЙ ҮЧҮН САБАП ӨЛТҮРҮПТҮР»
Аскерге барып, чек арада туруу - аскер адамы болгусу келген жигиттин кыялы жана парзы. Бирок ал жактагы “дедовщина” деген түшүнүк жоокер болууну каалаган мырзаларыбыздын максатына чекит коюп келет. Анткени аскерден ажал тапкан жоокерлердин саны уламдан-улам ачыкка чыгууда. Алсак, 2015-жылдын 13-мартында кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокер Шамбет Сейитмуратов с
Башкалардын улутун, динин ж.б. нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.