super.kg logo
  Саясат  

Депутат Замирбек Бекбоев: "Бишкек жана Ош шаарларында бош жер калбай калды, ошондуктан унаа токтотуучу жайларды жер астына куруу керек"

 

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында калктуу конуштардагы жер тилкелерин үнөмдүү пайдаланууга жана жергиликтүү бюджетти бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Демилгечи депутат Замирбек Бекбоев унаа токтотуучу жайларды жер астына куруу керек экендигин билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы калктуу конуштарда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында бош жер калбай калды. "Ошондон улам жер алдына капиталдык автоунааларды токтотуу жайларын куруу зарылдыгы жаралууда. Андан сырткары мыйзамсыз автоунаа токтотуу жайларын да калыбына келтирүү керек, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун негизги максаты ушундай",- деди Бекбоев. 

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов азыр Бишкектеги автоунаа токтоочу жайлардан төлөм алууга тыюу салынганын эске салып, бул мыйзам кабыл алынып калса, автоунаа токтоочу жайлардан атайын төлөм каражаты алына баштай турганын билдирди. Ал эми капиталдык автоунаа токтоочу жайлар курулган жер тилкелеринен ижара акысы алына баштайт. Шаар башчы келечекте муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар куруларын, алар жеке ишкерлерге ижарага бериле турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: