Чүй. Татыр капчыгайында күч органдарынын биргелешкен машыгуусу болуп өттү










Бүгүн, 8-апрелде Чүй облусунун Татыр капчыгайында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын тактикалык машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, күжүрмөн даярдоонун негизги максаты аскер кызматкерлерин тоолуу жер шарттарында тапшырмаларды аткартуу менен атайын тоо даярдыгынын көндүмдөрүнө үйрөтүү болуп саналат.
1-этапта тоо даярдыгына үйрөтүүнүн теориялык негиздери окутулуп, анда тоо шартындагы аба ырайынын адамдын организмине тийгизген таасири, тоодо аба ырайынын өзгөрө баштагандыгынын алгачкы белгилери менен тоодогу коркунучтар, тоодогу өздүк курамдын дене тарбиялык даярдыктары окутулду. 2-этапта тоолуу жер шарттарындагы аракеттердин практикалык сабактары мүмкүн болушунча күжүрмөндүүлүккө жакындатылган түрдө жүргүзүлдү.
Капчыгайда базанын лагери жайгаштырылып жана бийик аска-зоолорго топ-тобу менен чыгуу, түшүү, тоодогу тоскоолдуктарды жеңүү жана суу тосмолорунан ашып өтүү, тоодо күжүрмөн аракеттерди киргизүүнүн түрдүү жолдору менен ыкмалары иштетилди. Иш-чара Куралдуу күчтөрдүн 2015-жылга карата түзүлгөн даярдоо планына ылайык уюштурулду жана 9-апрель күнү катышуучуларга сертификат тапшыруу жана алардын арасында аскага чыгуу жарышын өткөрүү менен аяктайт.


