super.kg logo

Ошто “Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагынын экинчи баскычы өтүүдө

 

6-10-апрель күндөрү Ош шаарындагы мектептердин мугалимдери “Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагынын экинчи баскычына катышып, күч сынашууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, сынактын экинчи баскычында белгиленген жобо боюнча, мугалимдин сабак учурунда жана сабактан тышкаркы мезгилде окуучулар менен иш алып баруусу видеотүрмөк аркылуу көрсөтүлөт. Мугалимдик ишмердүүлүгүн камтыган портфолио тапшырылып, ага кошумча “Менин педагогикалык философиям” деген темада эссе жазуусу милдеттендирилген.

Аталган сынактын негизги максаты жумушуна чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү менен мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, коомдун аң-сезиминде мугалимдин позитивдүү образын түзүү болуп саналат. Ошондой эле педагогикалык кызматкерлердин билим берүүнүн мазмунун жаңылоодогу чыгармачыл ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүүдөгү жаңы технологияларды колдонууну жайылтуу максатын көздөйт. “Жылдын мыкты мугалими-2015” сынагы Ош шаарында 4 баскыч менен өткөрүлүп, жеңүүчү аталган мугалим республикалык сынакка катышууга жолдомо алат. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: