Жогорку Кеңеш көчөгө таштанды ыргыткандарга 2000 сом айып пул салууну милдеттендире турган мыйзам кабыл алды
Жогорку Кеңеш көчөгө таштанды ыргыткандарга 2000 сом айып пул салууну милдеттендире турган мыйзам долбоорун 8-апрелдеги отурумунда үчүнчү окууда кабыл алды. Добуш берүүгө 89 депутат катышып, анын 85и "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди.
Документке ылайык, таштандыларды атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пулдун көлөмү 2000 сомго көтөрүлмөкчү. Колдонуудагы мыйзамда таштандыларды белгиленбеген жайга таштаган жарандарга айып пулдун көлөмү 100 сом деп каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

