super.kg logo

Бишкекте коомдук унаадан уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды

 

Бишкекте коомдук унаадан уюлдук телефон уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлерине 38 жаштагы Д.Б. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам коомдук унаадан 15 жаштагы кызынын кымбат баалуу уюлдук телефонун уурдап алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: