УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен шаарындагы коомдук кабылдамасы иштей баштады





15-февралдан баштап УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен шаарындагы коомдук кабылдамасы иштей баштады. Коомдук кабылдаманын ачылышына өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Ж.Разаков, УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын башчысы Т.Саалиев, облус прокурору жана Баткен ОИИБинин башчысы катышты. Бул мекеменин ачылышы менен облус жарандары кандайдыр бир коррупциялык фактылар боюнча арыз даттанууларын аталган кызматка түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Мындай кабылдамаларды облустун башка район, шаарларында да ачуу пландалып жатканын билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

