super.kg logo
  Саясат  

Таксисттердин патентин текшерүү укугун Жол-кайгуул кызматына өткөрүп берүү демилгеси Жогорку Кеңеште кайчы пикирлерди жаратты

 

Жол-кайгуул кызматына жүк жана жүргүнчү ташыган унаалардын патентин текшерүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган мыйзам долбоору бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 2-окууда каралды.

Долбоор аркылуу КРнын Салык кодексинин 108-беренесиндеги рейддик салык көзөмөлүнө түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда автомобилдик транспорт жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана анын кызмат адамдарынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына салык органдары менен бирге рейддик салык көзөмөлүн жүргүзүүгө карата укугу каралган.

Депутаттар Данияр Тербишалиев менен Нуркамил Мадалиев мындай толуктоолор коррупциялык жагдайларга жол ачарын белгилешти. Алардын пикиринде, унаалар жол эрежесин бузгандыгы үчүн гана токтотулушу керек. Аны токтотуп алып, патент төлөө маселелерин козгоо туура эмес. Мындай пикирди улаган депутат Абдимуталип Кочкорбаев: үгүн унаа салык үчүн токтотулса, эртең социалдык, экологиялык жана башка төлөмдөр үчүн дагы токтотуу боюнча демилге көтөрүлөт",- деди.

Башка депутаттар жөн жерден таксисттерден акча өндүрүүнүн жолу ачылып жаткандыгын айтып, мында чатакка түрткү бере турган жана коррупциялык кырдаал түзүлөрүн белгилешти. 

Соңунда депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: