super.kg logo

Ош. Мектеп окуучуларынын аталары чогулуп, “Баланы тарбиялоодогу атанын ролу” деген темада талкуу өткөрүштү

 
Окуучулардын аталарынын катышуусундагы талкуунун жүрүшүнөн...
Окуучулардын аталарынын катышуусундагы талкуунун жүрүшүнөн...
Окуучулардын аталарынын катышуусундагы талкуунун жүрүшүнөн...

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектепте окуучулардын аталары катышкан “Баланы тарбиялоодогу атанын ролу” деген теманын алкагында жыйын болду.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда баланын бүгүнкү тарбиясы келечекке чоң таасир этери айтылып, учурда баланын тарбиясына аталар кандай көңүл буруп жаткандыгы жана мындан ары кандай аракеттерди көрүү керек экендиги жөнүндө сөз болду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов көтөрүлгөн маселеге кеңири токтолуп: “Коомубузда баланын татыктуу тарбия, каныккан билим алуусу үчүн атанын орду өзгөчө. Анткени баланын көз алдында атасынын ар бир аракети үлгү болорлук иш. Ошондуктан ата өз баласынын коомдо жакшы тарбия, мыкты билим алуусуна жакындан жардам бериши шарт”,- деп белгилеп өттү. Жыйынга катышкан окуучунун атасы Муйдинжон Шарапов: “Биз, аталар, моюнга алышыбыз керек. Балдарыбыздын курсагын тойгузабыз, кийимин бүтөйбүз деп сыртта көп жүрүп, балага көп көңүл бура албай, тарбия берүүдө аксап жатабыз. Ушул боюнча кете берсек жыйынтыктары жакшы жакка алып барбайт”,- деди.

Мектеп менен ата-эне дайым тыгыз байланышта болушу керектиги айтылып, баласынын кандай окуп жаткандыгын билгиси келгендер келип сабакка катыша берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилди.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: