Бишкектеги көчөлөрдүн бирине академик Мирсаид Миррахимовдун ысымы берилди






Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте Октябрь районундагы көчөлөрдүн бирине академик Мирсаид Миррахимовдун ысымы берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара борбордун 5-кичи районунда өтүп, ага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардык кеңештин депутаттары, академиктин кесиптештери, достору, окуучулары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар бийлигинин өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Андан соң аталган аймакта жашаган тургундар жана коноктор алма бактарынын көчөттөрүн отургузууга катышышты.
Айта кетсек, М.Миррахимов Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген илим ишмери жана СССР Медициналык илимдер академиясынын жана Улуттук илимдер академиясынын академиги. Ал 2008-жылы дүйнөдөн кайткан.


