"Социалдык фонддун 2015-жылкы бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамга кол коюлду
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу 8-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
2015-жылдын 19-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджетин кирешелер боюнча 40 093 449,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 39 984 594,2 миң сом суммасында, профицити 108 855,2 миң сом суммасында бекитет.
Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

