Жети-Өгүз районунда 2-топтогу майып кызды зордуктап, дүкөнүн тоноп кеткендер кармалышты
Жети-Өгүз районунда 2-топтогу майып кызды зордуктап, дүкөнүн тоноп кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, бул окуя үстүбүздөгү жылдын 3-мартында болгон. Анда белгисиз үч адам түн ичинде Кызыл-Суу айылындагы дүкөндөрдүн бирине киришип, товарларды жана кассадагы акчаны алышып, андан соң дүкөндүн ичинде калган 26 жаштагы кызды зордукташкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.М. жана С.К. аттуу жарандар кармалып, үчүнчүсү изделүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Провокация жарата турган билдирүү жазуудан алыс болсоңуз.
Провокация жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынат.