Нарын. Ак-Талаа районунда бир катар долбоорлор ишке ашты














Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Ак-Талаа районунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Аманбай Кайыпов иш сапардын жүрүшүндө алгач Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасы (БУУӨП) аркылуу Ак-Тал айыл аймагындагы жаңы конуштарга электр тогун тартуу (трансформатор), ирригациялык системдерди оңдоо иштери менен таанышты.
Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Аалыевдин айтуусунда, жаңы конуштун жаштары турак жай салууда электр энергиясынын жетишсиздигинен кыйналып келишкен. Бүгүнкү күндө 482 170 сомдук иштер аткарылып, 160 кВт бир трансформатор алынып келинген. Жаңы конушта отурукташкан 42 үй-бүлө электр жарыгы менен камсыз болду.
Ал эми Үгүт айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Айгүл Орозобекова жаңы конуштардагы 20га чукул түтүн буга чейин чырак менен отурганын айтты. Эл аралык уюмдун жардамы менен өздүк салымды кошкондо жалпы 574 миң сомго трансформатор орнотулуп, пайдаланууга берилди.
Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Үгүт көпүрөсүнүн куруучулары «Кербен жол-курулуш» ишканасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Көпүрө райондогу 4 стратегиялык көпүрөнүн бири болуп эсептелет. Ишкана өкүлдөрү бүгүнкү күндө керектүү материалдар алынып келингенин айтып, көпүрө күзүндө ишке берилерин убадалашты.
Райондун акими Семетей Черикбаевдин билдирүүсүндө, Ак-Талаа району боюнча эл аралык уюмдун жардамы менен жалпы 13 айыл өкмөттүн ичинен онунун долбоорлору жактырылып, 10 миллион сомдук иштер аткарылган. Бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылганы үчүн районго аталган уюм тарабынан чакан ишкана жана пайда алып келүүчү долбоорлорго быйыл 20 миллион сом бөлүнөрүн кабарлады.
Дубан башчы өз сөзүндө: "Орусиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз. Анткени Орусия өкмөтү тарабынан берилген 3,5 миллион долларлык акча каражаты келип түшүп, алыскы аймак деп эсептелген Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал райондорунда бул объектилер ишке ашып, пайдаланууга берилүүдө. Биз муну калкыбыздын керегине жаратып, максаттуу пайдаланышыбыз керек",- деп белгиледи.
Андан соң Орусиянын колдоосу менен ишке ашырылып келген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу" долбоорунун алкагында пилоттук мектеп болуп эсептелинген Муса Баетов атындагы орто мектептин иши менен таанышты.


