super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Акыйкат жана таза шайлоонун өткөрүлүшү өлкөдөгү туруктуулуктун шарты болуп саналат"

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 8-апрелде Европа парламентинин делегациясынын төрайымы Ивета Григуле жана Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр жолугушууда кыргыз мамлекети Евробиримдик менен саясий, соода-экономикалык кызматташуунун кеңейишине умтулгандыгын билдирди. Оторбаев президент Алмазбек Атамбаевдин жакынкы арадагы Европа өлкөлөрүнө жасаган сапары жана Брюсселдеги Евробиримдик институттарына баруусу Кыргыз Республикасы жана Евробиримдик аралык баарлашуусунун улантылышына жана тереңдетилишине жакшы мүмкүндүктөрдү бергендигин белгиледи. “Европа такшалган демократияга жетүүдө татаал жана турбуленттик мезгилди баштан өткөрдү. Биз жетилген жарандык коомду түзүү жолу боюнча ырааттуу кадам шилтөөгө жана өлкөдөгү демократияны түптөө маселесинде европалык өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алууга даярбыз”,- деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр Европарламент депутаттарына үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде өтүүчү парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берди. “Акыйкат жана таза шайлоонун өткөрүлүшү өлкөдөгү туруктуулуктун шарты болуп саналат”,- деди Жоомарт Оторбаев.

Европа парламентинин делегациясынын өкүлү Ивета Григуле өз кезегинде Европа тараптын Кыргыз Республикасы менен кызматташууну кеңейтүүгө карата кызыкдарлыгын билдирди. Ал белгилегендей, ЕБ Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин өлкөдө демократия орнотуудагы иш-аракетине жогорку баа берет.

Мындан тышкары Европа парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди колдоого даярдыгын билдиришти.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: