Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиевди кызматтан алуу себебин айтты
Дүйшөн Ирсалиев

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатканы үчүн кызматтан алганын айтты. Өкмөт башчы муну 9-апрелде маалымат жыйында билдирди. Ирсалиев өкмөттүн пикирин укпаганы үчүн иштен алынганы айтылды. Анын милдетин убактылуу мекеменин статс-катчысы Нурбек Калматов аткарып турат.
Маалыматка таянсак, алгач Д.Ирсалиевди 1 айга кызматтан четтетип туруу, анын ордуна Д.Ирсалиевдин сунушу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Азаматбек Абдыбековду убактылуу дайындап туруу чечими чыккан. Ирсалиев 8-апрель күнү кечинде маалымат жыйын берип, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, "Кумтөр" маселеси боюнча айрым маалыматтарды ачыктап жибергени үчүн аны биротоло кызматтан алуу боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 9-апрелде жарлык чыгарган. Жарлыкка ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Н.Калматов дайындалды.
Азаматбек Абдыбеков өзүнүн өкүл баласы экенин ырастаган Жоомарт Оторбаев буларды билдирди: "Мыйзамдарда өкүл бала деген түшүнүк жок, бирок моралдык жактан жоопкерчилик болот. Ошондуктан бүгүн кайра Мамлекеттик мүлк фондунун убактылуу жетекчиси кылып мекеменин статс-катчысы Нурбек Калматовду дайындадым".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

