Чолпон Султанбекова Ош окуясында курман болгон милиция кызматкеринин аялы 4 баласы менен батирди ижарага алып жашап жатканын айтты
2010-жылы Ош окуясында курман болгон милиция кызматкеринин аялы 4 баласы менен батирди ижарага алып жашап жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде парламент жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, Ички иштер министрлиги курман болгон милициянын үй-бүлөсүнө батир бериши керек. "Ал аял 4 баласын ээрчитип, 5 жылдан бери ИИМдин батир менен камсыздоо комиссиясына кайрылып жүрөт, бирок натыйжа чыкпай жатыптыр. Ошол эле учурда бул комиссия Ош окуясына катышпаган, Москвада жүргөн эле милиция кызматкерлерине батир берип жатат",- деди Султанбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

