super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Георгий лентасынын ордуна башка түстөрдөгү лентаны колдонуу маселеси көтөрүлдү

 
Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эристина Кочкарова Бишкек шаарында Георгий лентасынын ордуна Кыргыз Республикасынын желегинин түсүндөй лентаны колдонуу боюнча Бишкек мэриясынын демилгесине каршы чыкты.  
"Бул демилге коомчулукта ар кандай түшүнүктөрдү жаратышы мүмкүн. Бирок Улуу Ата Мекендик согушта кыргыз жарандары да курман болушкан. Улуу Жеңиш бир элдин, бир өлкөнүн жетишкендиги болгонун унутпашыбыз керек",- деди Кочкарова.
Төрага Асылбек Жээнбеков мэриянын демилгесин саясатташтырбоого чакырды. "Биздин өлкөбүздө ар бир жаран өз оюн эркин айтууга укуктуу. Мисалы, мага Жеңиш күнүндөгү ленталардын түсү мекенимдин желегинин түсүндөй болгону жагат. Мэриянын демилгесинде эч кандай терс нерсе жок. Мындан саясат издебеңиздер",- деди Жээнбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: