"Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов: "Отставкага кетейин дегем, кайра мындан баш тарттым"
Токон Мамытов

"Отставкага кетейин дегем, кайра мындан баш тарттым",- деп билдирди SUPER.KG порталына 9-апрелде "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытов. Отставкага кетүү чечими "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда пайда болгонун айткан Мамытов буларды белгиледи:
Автор: Автандил Добулбеков
"Жакындагы "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө бир кырдаал түзүлүп калган, ошондо кызматтан кете турганымды билдиргем. Бирок ал кырдаал жөнгө салынды. Азырынча менин отставкага кетүү планым жок. Дагы эле "кетем" дей берсем, "Маселе чечилди, эмне эле отставка менен коркутуп жатасың?" деп айтышат да".
Мамытов эмне болгон кырдаал экенин ачыктаган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

