Бишкек шаарында 34 жаштагы айым төрт эм төрөдү





Бишкек шаарында 34 жаштагы айым төрт эм төрөдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма
сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Саламаттыкты сактоо министрлиги
Маалыматка караганда, төрт эм эркек балдар 9-апрель күнү эртең мененки
саат 10:40та Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борборунда жарык
дүйнөгө келишкен. Аман-эсен көз жарган айым 34 жашта, азыр анын ден
соолугу жакшы. Ал интенсивдүү палатага которулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Наристелердин салмагы 1 килограмм
770 грамм, 2 килограмм 80 грамм, 2 килограмм 591 грамм, 2 килограмм 270 граммды түзөт. 4 эмди жарыкка алып келген эненин булардан башка 3 баласы бар. Эми ал 7 баланын апасы болуп калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
3

Супер инфо, адашпасам, 2 жыл мурда бир орус уй-булосундо да 4 эм торолгон эле, ошолор тууралуу маалымат (кандай чоноюп жаткандыгы) берип коесуздарбы, алдын ала рахмат!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.