super.kg logo
  Саясат  

Чиновниктерди жакын туугандарынын мүлкү тууралуу да декларация тапшыртууга милдеттендирүү сунушталууда

 

Cаясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдар жакын туугандарынын мүлкү тууралуу да декларация тапшыртууга милдеттендирилүүдө. Буга байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, декларацияда жарандардын кирешелери менен кошо алардын чыгашалары жөнүндө маалымат берүү талабы да камтылууда.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү декларация толтурган жарандар өздөрүнүн жана жакын туугандарынын чет өлкөдөгү активдери менен мүлкү жөнүндө да маалымат берүүгө тийиш экенин айтат. Алардын чет өлкөдөгү активдерине салык төлөгөнү же төлөбөгөнү жөнүндө маалымат атайын эл аралык келишимдердин негизинде алынмакчы.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: