super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө Константин Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленет

 
Кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүнүн автору Константин Юдахин (1890—1975)
Өлкөдө тилчи, филология илимдеринин доктору Константин Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленет. Тиешелүү токтом долбоору бүгүн, 9-апрелде парламент жыйынында каралды.
"К.Юдахин кыргыз тилин жайылтууга зор салымын кошкон. Анын кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүн өлкөнүн мамлекеттик ишмерлеринин көбү колдонот",- деди демилгечи Наталья Никитенко.
Бул маселе боюнча талкууга катышкан депутаттар мындай демилгени колдошту. Аталган токтом долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
Айта кетсек, илимпоз-түрколог, филология илимдеринин доктору, профессор, академик Константин Юдахин 1890-жылы Орусиянын Орск шаарында туулган. Ташкенттеги Түркстан мугалимдер семинариясын, Түркстан чыгыш институтун бүтүргөн. 1925-1955-жылдары Ленинград чыгыш институтунда, ошол эле жерде университетте, Москвадагы Чыгыш таануу институтунда, Жаңы түрк алфавитинин борбордук комитетинде, Кыргыз илимдер академиясында, Мамлекеттик педагогика институтунда, Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеген. "Уйгурча-орусча сөздүк", "Кыскача өзбекче-орусча сөздүк", "Өзбек-уйгур тил байланыштары", "Кыргызча-орусча сөздүк", "Орусча-кыргызча сөздүк" түзүшкөн. Көптөгөн илимий очерктерди жазган, кыргыз адабият таануусунда эмгектери зор. "Манастын" орусча котормосун да редакциялаган. 
Константин Кузьмич - Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз илимдер академиясынын академиги, Өзбек илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болгон. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери, медаль менен сыйланган. 
1975-жылы Фрунзеде 85 жашында дүйнөдөн кайткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: