super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Центерра" жаңы планында "Кумтөрдөгү" алтындын запасын 20 пайызга азайтып салды"

 

Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында “Кумтөр” маселеси боюнча парламенттин чыгарган 6 токтомунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйында премьер-министр Жоомарт Оторбаев баяндама жасап жатат. Өкмөт башчы “Кумтөр” кыргыз мамлекети үчүн эң маанилүү болгондуктан, этияттык менен бир чечимге келүү керектигин айтты.

“Бир нече күн мурун “Центерра” “Кумтөрдү” иштетүү боюнча жаңы планын жарыялады. Ал планда кенди иштетүү планы бир топ өзгөргөн. Маалыматта айтылгандай, “Кумтөрдөгү” алтын 20 пайызга азайган жана кенди иштетүү боюнча чыгашалар 92 миллион долларга көбөйүптүр. Бул өзгөртүүлөр алтындын баасын 2026-жылга чейин 220 миллион долларга азайтат. Бул тенденцияларды анализдеп жатып, өткөн жылы "Центерра" менен кол коюудан Кудай сактаптыр деп жатам”,- деди Оторбаев. 

Өкмөт башчы баяндамасын улантууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: