super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Бардык өкүл балдар менин өкүл баламдай болсо, жакшы болмок"

 
"Бардык өкүл балдар менин өкүл баламдай болсо, жакшы болмок",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевди эмне себептен кызматтан алганын түшүндүрүп жатып. "Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев бир айга кызматтан четтетилип, төраганын милдетин аткарууга Азаматбек Абдыбеков дайындалган. Абдыбеков менин өкүл балам экенин айтып жатышат. Ооба, мен муну танбайм, Абдыбеков - менин өкүл балам. Бирок ал кызматтык карьерасын өзү жасады. Мыйзамда өкүл балдарга чектөө жок, бирок бул жерде моралдык жак бар. Ошондуктан мен Абдыбековдун ордуна аталган мекеменин статс-катчысын бекиттим",- деди Оторбаев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 9-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатканы үчүн кызматтан алынгандыгын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: