Футбол боюнча улуттук курама Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде 153-орунду ээледи

Футбол боюнча кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасы Эл аралык футбол федерациясынын бүгүн, 9-апрелде жарыяланган рейтингинде 153-орунду ээледи.
Аталган уюмдун расмий сайты кабарлагандай, кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамасынын карамагында 146 упай бар. Өткөн айда жарыяланган рейтингде курамабыз 209 мамлекеттин ичинен 150-орунду ээлеген. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде курама команда 26-орунда жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, ФИФАнын рейтингине 1 ай ичинде болгон расмий жолдоштук оюндар, мелдештердеги оюндар таасирин тийгизет. Кыргыз улуттук курамасы 31-мартта Ооганстан менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Бирок жүйөлүү себептерден улам бул беттеш болбой калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сунушуңузга рахмат.
Өзбекстан-70 орунда
Таджикстан 143 орунда
Түркмөнстан болсо 159 орунда турат экен.