Үч эм жана андан көп төрөлгөн балдарга мамлекеттик жөлөк пул 16 жашына чейин берилет

Социалдык өнүгүү министрлиги акыркы 5 жылда аз камсыз болгон бардардын жөлөк пулун эки эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2010-жылы аталган жөлөк пулга мамлекеттик бюждеттен 1 миллиард 167,5 миллион сом бөлүнгөн болсо, былтыр бул сумма 2 миллиард 829,5 миллион сомду түзгөн. Муну менен катар 2012-жылдан бери акчалай жардам алуучу балдардын саны 32,8 миңге азайып, учурда 310,7 миңди түзүп отурат. Бул кыргыз өлкөсүндө жашаган жалпы балдардын санынын 13 пайызын камтыйт.
Айта кетсек, үй-бүлөнүн бир айлык кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлө келгенде киши башына 705 сом туура келбеген шартта жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары министрлик жаңы төрөлгөн бир балага бир жолу берилүүчү акчалай жардам көрсөтөт. Ал эми эгиздерге 3 жашына чейин, үч жана андан көп эмдерге 16 жашына чейин мамлекеттик жөлөк пул каралган.



Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.