Жогорку Кеңеш: Төрөбай Зулпукаров менен Равшан Жээнбековдун ортосунда уруш чыкты

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин жыйында "Кумтөр" маселеси каралып жатканда жыйынды алып барып жаткан вице-спикер Төрөбай Зулпукаров менен депутат Равшан Жээнбековдун ортосунда уруш чыкты. Буга депутат Жээнбековдун сүйлөөгө 1 мүнөт убакыт суроосу себеп болду.
Автор: Нургазы Аматов
Жыйында өкмөткө суроолорун толук берүүгө жетишпей калган депутат вице-спикер Зулпукаровго кайрылып: "Жогорку Кеңеш сенин жеке менчигиң эмес, адилеттүүлүк баарына бирдей. Сен ал жерде отурсаң эле "мен кыйынмын" деп ойлобо. Оозуңду жап!"- деп кыйкырып, микрофон берүүнү талап кылды.
Зулпукаров: "Бул жерде сен же мен эмес, чечимди парламент кабыл алат",- деди.
Мындай уруш депутатка кошумча убакыт берүүгө парламент добуш берүү аркылуу макулдук бергенге чейин орун алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

