super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жалал-Абад шаарында студенттик эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

 

Бүгүн, 9-апрелде Жалал-Абад шаарында студенттик эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда,“Ишкердиктин көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору жаштардын көз карашы менен” аттуу конференцияга кыргыз өлкөсүнүн аймактарынан жалпы 130га чукул студент катышып, баяндамаларын окушууда.

"Анда башкы максат - студенттерди бири-бирине жакындатуу, бири-бири менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү. Жаштарыбыздын көйгөйлөргө көз карашын өзгөртүү, кыргыз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө патриоттук сезимин ойготуу керек. Ушул максатта уюштурулган бүгүнкү конференцияда кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде баяндамалар окулууда. Ошондой эле Пакистандан келген студенттер да жазылышып, докладдарды даярдашты”,- дейт конференциянын катчысы Гүлзат Капарова.

“Студенттердин экономикага, ишкердүүлүккө болгон көз караштары, аларда кандай ой-максаттар, кандай идеялар бар экен, жаштардын көзү менен экономикабызды карашыбыз керек. Жаштар келечекти кандай көз караш менен көрүп жатат, алардын ой-пикирин угуу, тажрыйба алмашуу максатында конференция өтүүдө”,- деп билдирди экономика илимдеринин кандидаты, доцент Калыбек Райымкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: