Ош. Бала бакчаларда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Бүгүн, 9-апрелде Ош шаарындагы “Жомок” балдар бакчасында “Коррупцияга каршы күрөш: Сөздөн ишке өтүү керек” деген теманын алкагында семинар өтүп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында мыйзам бузууга баруусуна тыюу салуу жана алдын алуу боюнча бир топ маселелер көтөрүлдү.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, учурдун эң көйгөйлүү маселесине айланган баланы бакчага жайгаштыруу убагында ата-энелерден пара талап кылуу жана бала бакчанын ичинде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу кылмыш экендиги түшүндүрүлүп, паракорчулуктун акыбети эмне менен аяктаары сахналаштырылып көрсөтүлдү. Коррупцияга каршы чогуу күрөшүүдө ата-энелер менен биргеликте иш жүргүзүлүүсү керектиги айтылды. Ошондой эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан чыккан “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында мыйзам бузуучулукка тыюу салуу жөнүндөгү” буйрукта көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде иш алып баруусу бала бакча жетекчилерине милдеттендирилди.
Эске салсак, буга чейин
да бала бакчалар арасында “Коррупцияга каршы чогуу күрөшөлү” аталышындагы
кароо-сынак жана ата-энелер конференциясы, тегерек стол, семинарлар өткөрүлүп,
адистер тарабынан баяндамалар окулуп келген.


