Лейлек районунун Чоюнчу жана Жар-Кыштак айылдарында сел калдыктары тазаланды









Баткен облусунун Лейлек районунда болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу үчүн жергиликтүү тургундардан 15 адам жана ыктыярдуу куткаруучулар командасынан 20 адам тартылып, 12 турак үйдүн чарбалык бактары сел калдыктарынан тазаланды. Жумуш улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Жар-Кыштак айылында 600 метр аралыктагы ички чарбалык жолдор 5 жеринен жалпы көлөмү 28 метр куб кум-шагылга толуп, бузулган.
Ак-Суу айыл аймагы тарабынан 1 самосвал, 2 экскаватор, 1 бульдозер тартылып, 150 метр аралык (13 метр куб) тазаланды. Жол каттамы бар, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.
Ошондой эле сел калдыктарын тазалоого жана ички жолдорду оңдоого АКТЕД уюму тарабынан 75 литр дизелдик күйүүчү май бөлүнүп берилди.
Исфана - Замборуч - Жар-Кыштак унаа жолунун 3,5 чакырым аралыгында сел жүрүп, 4 жери кум-шагылга толуп калган. 8-апрелде ЖЭМ-13 транспорт кызматынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктады.
Исфана - Андарак - Көк-Таш унаа жолунун 18-20-чакырым аралыгы сел менен келген кум-шагылдарга толуп калган. Транспорт кызматынан (ЖЭМ-13) 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери улантылууда (500 метр аралык тазаланды).
Эскерте кетсек, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Чоюнчу айылында 6-апрелде саат 17:30 чамасында мөндүр аралаш жааган катуу жаандын кесепетинен Ак-Суу айылы менен Чоюнчу айылынын ортосундагы Каргалуу-Сай, Жар-Кыштак айылынын Туура-Сай аймактарынан сел жүргөн. Селдин кесепетинен Чоюнчу айылынан 6 баш ири мүйүздүү мал (музоо) сууга аккан жана 40 турак үйдүн чарбалык бактарын, 2 чарбалык имаратты суу каптаган. 8-апрелде селге аккан 6 баш ири мүйүздүү малдын үчөөсүнүн өлүгү табылып, жерге көмүлдү.


