super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков: "Кумтөр" боюнча Жоомарт Оторбаевдин сунушуна каршымын"

 
"Кумтөр" көйгөйүн чечүү боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин сунушуна каршымын",- деп билдирди парламенттин 9-апрелдеги жыйынында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Депутат өкмөт башчынын сунушун кандай шартта укканын белгиледи. 
"Мени жакында Феликс Куловдун иш бөлмөсүнө чакырып калышты, барсам Жоомарт Кайыпович (Оторбаев) менен Өмүрбек Чиркешович (Текебаев) бар экен. Ошондо парламент өкмөткө 1 ай убакыт бергени, жыйынтыктар тууралуу сөз болду. Өкмөт башчы "үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү демилгеси болбой калды" деп билдирди. Анан "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешинин курамына талапкерлер тууралуу айтып берди. Директорлор кеңешинин курамын өзгөртүү боюнча сунушка Кулов менен Текебаев макул болушту, мен каршы экенимди айттым",- деди Турсунбеков.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: