Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ардагерлерге акчалай жардам берилет

Социалдык өнүгүү министрлиги Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Улуу Ата Мекендик согушта жарадар болгон 316 ардагер 10 миң сомдон президенттин стипендиясын жана 10 миң сомдук бир жолку президенттик төлөм алышат. Мындан тышкары жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү 7 миң сомдук компенсация жана өкмөт тарабынан 15 600 сом каралган.
Буга катар Улуу Ата Мекендик согуштун 776 катышуучусу 20 миң сомдук президенттик социалдык колдоо, ай сайын берилчү 7 миң сомдук төлөм жана өкмөт тарабынан 15 400 сомдук бир жолку төлөм берилет.
Ошондой эле концлагердин 32 туткунуна жана Ленинград блокадасынын 33 ардагерине 42 400 сомдон төлөм каралган.


