Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүүгө дагы убакыт суроодо
Өкмөт "Кумтөр" маселесин чечүүгө парламенттен дагы убакыт суроодо. Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутаттар аталган маселе боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөттүн маалыматын, мындан аркы пландарын угууда. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев:
Автор: Автандил Добулбеков
"Мага парламенттен саясий колдоо керек, колдоо болсо "Кумтөр" маселесин чече алам, болбосо иштей албайм. Бир нерсени айтып коёюн, азыркыдай шартта үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү келишими биздин өлкөгө пайдасыз. Биздин талаптар аткарылмайынча мындайга барууга болбойт, азырынча "Центерра" биздин талаптарга макул болбой жатат",- деп билдирди.
Премьер-министр эгер Жогорку Кеңештен саясий колдоо болсо, "Кумтөр" маселесин чечүүдө жеке жоопкерчилик аларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

