Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевге кылмыш иши козголушу керектигин айтты
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевге кылмыш иши козголушу керек". Муну парламенттин 9-апрелдеги жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. "Сөзсүз кылмыш иши козголушу керек, бул боюнча бүгүн комиссия түзүлдү. Комиссиянын корутундусунан кийин чара көрүлөт",- деп билдирди. Башкы прокуратуранын өкүлү бул боюнча расмий маалыматы жок экенин билдирип, кылмыш ишин козгоо боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, өкмөт башчы бүгүн, 9-апрелде "кызматтык колдонуу үчүн дайындалган документтерди коомго ачыктады" деп Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөн Ирсалиевди кызматтан алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

