Ош. Мектеп жашына чейинки балдарды туура тамактандыруу боюнча семинар өттү





Бүгүн, 9-апрелде шаардагы “Жомок” балдар бакчасында “Мектепке чейинки жаштагы балдардын ден соолугунун чың болуусу туура тамактануусунда” аттуу семинар өткөрүлдү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда балдардын жаш өзгөчөлүгү боюнча тамактануу маданиятын калыптандыруу боюнча иш жүргүзүлүп, тамак даярдоодо санитардык-эпидемиологиялык талаптарды туура сактоо боюнча кеңири баяндамалар жасалды. Азык-түлүктөрдүн сапатын тастыктоочу документтерге карап иштетип, ата-энелер үчүн балдардын күнүмдүк тамактануу менюсун бала бакчанын көрүнүктүү жерине илип коюу бала бакча жетекчилерине милдеттендирилди.
Семинардын негизги максаты жаш балдардын ден соолугуна такай кам көрүп, түрдүү оорулардан сактоо болуп саналат. Аталган семинарга Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана бардык бала бакчалардын жетекчилери катышты.


