super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айнуру Алтыбаева Жоомарт Оторбаевге ишенбей калганын айтты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева премьер-министр Жоомарт Оторбаевге болгон ишенимин жоготконун бүгүн, 9-апрелде парламент жыйынында айтып чыкты. 
Депутаттын айтымында, Ж.Оторбаев өкмөттү жаңыдан жетектегенде ага (Оторбаевге) карата айып тагылган. "Ошол мезгилде премьер-министр өзүнүн тууганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындаган" деген кептер чыккан. Бирок мен муну кара пиар деп, ишенген эмесмин. Бүгүн болсо, Ж.Оторбаевдин өкүл баласы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу кызматына дайындалыптыр. Муну уккандан кийин сизге болгон ишенимимди жоготуп алдым",- деди Алтыбаева өкмөт башчыга кайрылып.
Оторбаев депутаттын айткандарын четке кагып, "эч бир тууганымды дайындаган эмесмин" деп жооп берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: