Өмүрбек Текебаев "Кыргыз алтындын" башчысы Токон Мамытовду кызматтан алууну өкмөт башчыга сунуштады
Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев "Кыргыз алтын" ишканасынын башчысы Токон Мамытовду кызматтан алууну өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге сунуштады. "Премьер-министр катары канча убакыт иштейсиз билбейм, бирок кызматтан кетип жатканда Токон Мамытовду иштен алышыңыз керек. Ал тигил же бул жерге отуруп алып ар кандай позицияны карманып жүрөт. Эгер эртең кетсеңиз, анда Мамытовду бүгүн кызматтан алышыңыз зарыл",- деди депутат.
Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясы "Кумтөрдү" улутташтыруу позициясынан кайтпай турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

