super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселесин чечүүдө өкмөттүн ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты

 
Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселеси боюнча парламент токтомдорунун аткарылышы тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп, жыйынтыгында өкмөттүн бул багыттагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Добуш берүүгө жалпысынан 76 депутат катталса, добуш берүүгө анын 64ү гана катышып, 58 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди. 
Төрага Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" маселесин чечүү ачык бойдон калганын айтты. "Парламент өкмөткө кандай багытта иш алып барарын көрсөтүшү керек. Ушул аптада Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк өкмөт менен тыгыз иштесин",- деп билдирди Жээнбеков.
Спикер премьер-министр Жоомарт Оторбаевге ишеничтүү команда түзүүнү сунуштады. "Бүгүнкү жыйында өкмөттүн айрым мүчөлөрү эки башка позицияны карманышарын ырасташты. Биз кимиңерге ишенели?"- деди Жээнбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: