Таштанбек Токтомушев: “Белгисиз эки жигит Садыр Жапаровду жамандап сүйлөп берсең 10 миң доллар беребиз дешкен”

“Мага белгисиз 2 жигит келип, "Садыр Жапаровду жамандап сүйлөп берсеңер 10 миң доллар беребиз" дешти”. Бул сөздү 15-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча өтүп жаткан сотто күбө катары суралып жаткан Таштанбек Токтомушев билдирди. Анын айтымында, ага эки жигит келип депутат Садыр Жапаровду жамандап маалымат-жыйын өткөрсөң 10 миң доллар беребиз дешкен.
“Ал жигиттерге мен "туура эмес дарекке келип калдыңар, "Кумтөр" маселесин мен мурда эле гезитке макала жазуу аркылуу көтөрүп келгем" деп жооп бердим”,- дейт күбө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

