super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында "Кумтөр" маселеси боюнча митинг өтөт

 
Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин алдында "Кумтөр" маселеси боюнча митинг өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин төрагасы Замир Көчөрбаев билдирди. Анын билдиришинче, митингде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсү талап кылынат.  
"Митингге негизги эки талап менен чыгып жатабыз. Биринчиси: өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев "Кумтөр" маселесин кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн чече албай жаткандыктан, анын кызматтан кетүүсүн талап кылып жатабыз. Анткени "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү бир жыл жүргүздү, бирок чече албай койду. Ал эми экинчи маселе "Центерра” компаниясынын Директорлор кеңеши боюнча. Оторбаев "Центерра" компаниясынын Директорлор кеңешине 7 чет өлкөлүк адамды сунуштап жатат. Бул туура эмес кадам. Ошондуктан биз Директорлор кеңешине кыргыз мамлекетинин жарандарын гана элдик люстрациядан өткөрүп, анан киргизүүсүн талап кылуудабыз",- деди Көчөрбаев.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: